Өлкө аймагында 100 мектептин 96-мектеби жакынкы күндөрдө ачылат

 Өлкө аймагында 100 мектептин 96-мектеби жакынкы күндөрдө ачылат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен өлкө боюнча салынып жаткан 100 мектептин 96-сынын бүтүшүнө саналуу күндөр калды.
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун Каныбек Осмоналиев атындагы N 109 мектептин заманбап имараты салынып бүтөөрүнө саналуу күн калды. Мектептин эски имараты 70 орундуу болсо, жаңы имараты 220 орундуу. Окуу класстары заманбап жогорку технологиялары менен жабдылган.
2023-жылдын 24-25-декабрында, дем алыш күндөргө карабай, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун тапшырмасын толук кандуу жана мектептердин курулушун сапаттуу бүтүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана орун басары Талант Иманакун уулу жеринен инспекция жүргүзүп жүрүшөт.
КР Мамкурулуш агенттиги жыл аягына чейин 100дөн ашык мектептин курулушун бүтүрүү аракетинде.

Связанный пост