“Бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелер өзгөчө макамга ээ, ал кайсы мамлекеттин болбосун эң маанилүү капиталы болуп калды”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия Мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусунда. Мамлекет башчысы акыркы бир нече жылдан бери өлкө калкына жана жаратылышка дагы […]Читать далее
“Борбор Азиянын экономикасынын өсүү кыймылдаткычы катары регионалдык транзиттик, транспорттук, логистикалык потенциалды өнүктүрүү саналат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия Мамлекет башчыларынын менен Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусунда белгиледи. Мамлекет башчысы жалпысынан Борбор Азия региону, анын чоң потенциалы жана өнүгүү келечеги тууралуу айтып жатып, төмөнкү жагдайларга көңүл бурду. “Борбор […]Читать далее
КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, электрондук соода каналдары аркылуу экспорттук ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев ИУА ишмердүүлүгү, тактап айтканда экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Борбордук Азиядагы электрондук коммерция боюнча программанын директору Чиу Ниу […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бир жуманын ичинде инспекция тарабынан 48 көрктөндүрүү эрежеси бузулган фактылар аныкталып жалпы суммасы 438 миң сомго айып пул салынды. Тазалык жана тартипти бузгандар курулуш жана айрым ишканалар: – «Роял Констракшн» ЖЧКсы 114-берене боюнча;- “Кыргыз каганаттары” ЖЧКсы 115-берененин 2-бөлүгү; – «Экополис» ЖЧКсы […]Читать далее
10-кичи райондун тургундары көрктөндүрүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Бишкек шаарындагы 10-кичи районунун №30,31,32 үйлөрдүн алдыңкы бөлүгүндө мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин демилгеси менен демөөрчүлөрдүн эсебинен улуу инсандардын муралын тартуу пландалган. Бирок жогорудагы үйлөрдүн жашоочулары жана турак жай ээлеринин бирикмесинин төрагасы имаратты жакшыртууга каршы чыгышты. Кичи райондун жашоочулары Октябрь […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоо депутаттын ишине жана көз карандысыздыгына кийлигишүү болуп саналбайт. Бул тууралуу КРнын Конституциялык соту маалымдады. Жогорку Кеңеш кабыл алынып жаткан мыйзамдардын мазмунуна толуктоолорду өз ыктыяры менен киргизүүнү ажыратылгыс укугу катары пайдаланып “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга Жогорку Кеңештин депутатына карата Башкы прокурор тарабынан кылмыш иши Жогорку Кеңештин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия Мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусун ачып жатып: “Борбор Азия менен Европа Бирлигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарга жетүүдө олуттуу потенциалга ээ”, – деп белгиледи. Мамлекет башчысы Астанадагы биринчи жолугушуудан бери Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында бир нече маанилүү […]Читать далее
Бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия Мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусу башталды. “№2 мамлекеттик резиденциясынын” Конгресс-холлуна кирердин алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров делегация башчыларынын ар бирин – ЕБ Президенти Шарль Мишелди, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин — Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду, Өзбекстан Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчылары акыркы […]Читать далее
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 16-июнунан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө № 608/609 «Бишкек-2 – Рыбачье» багытындагы жүргүнчү поезди каттай тургандыгын маалымдайт. Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Бул вагонго билетти алдын ала 2023-жылдын 12-июнунан баштап сатып […]Читать далее