Министр М.Тургунбаевдин төрагалыгы алдында министрликте Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйыны болуп өттү. Ведомстволор аралык комиссияга ыш маселесин мене ниш алып барган ондон ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын ишине токтолуп жатып, министр түтүндүн көйгөйүн чечүү маселеси өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турганын, ошондуктан аткарылган иштин ыкчамдыгы […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн түбүн таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалап жатышкандарына 4 айдын жүзү болду. Учурда бул иш дагы да болсо уланып, 12-марттан бери жалпы 7150 кг таштанды, 96 000 синтетикалык тор чыгарылды. Чолпон-Ата, Бостери, Булан-Сөгөтүдө жайгашкан эс алуучу жайлардагы суу астынан желим бөтөлкөлөр арбын чыгып жатканын билдирген суучулдар учурдагы сезондо көлдүн […]Читать далее
Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасына расмий сапар менен
Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды. Иш сапардын алкагында Германиянын Федералдык Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана […]Читать далее
«Бишкексууканал» башкармалыгы «Арча-Бешик» жаңы конушунун абоненттерине суунун жетишсиздигинен улам, таза суу жана саркынды суулар үчүн кайра эсептөө жүргүзөт. 7066 абонент 2023-жылдын май айына кайра эсептөө менен квитанция алышкан. Жалпы саны 258 845 абонентти түзөт. Анын ичинен 2,7% абонент кайра эсептелген. Ар бир айдын 1-күнүнөн 10-күнүнө чейин «Бишкексууканал» башкармалыгы абоненттерге муздак суу берүү […]Читать далее
Жогорку Кеңеш «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун укту Жогорку Кенештин жыйынында Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 16-июнунда №341-VII токтому менен түзүлгөн «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулду. Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин корутундусу менен анын төрагасы Шайлообек Атазов тааныштырды. Ал белгилегендей, Кыргызстан профсоюздар федерациясы […]Читать далее
“Арча-Бешик” жаңы конушунда таза суу берүү белгилүү график боюнча уланууда. Ошондой эле, «Бишкексууканал» башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 12 суу ташуучу техникалары менен ичүүчү сууну жеткирүүнү улантууда. Суу ташуучу техникалардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, Аэропорт суу алгычынан ичүүчү суу менен толтурулат. Ичүүчү суунун сапаты химиялык-бактериологиялык лаборатория тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ленин районунун акими шаардык […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Насирдин Исановдун аты Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү: реалдуулук жана перспективалар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исанов Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Сокулук РИИБнин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле КР жарандары Э.А. жана А.Ж. кармалды. Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2023-жылдын 19-июнунда милиция […]Читать далее
Сууга түшүүдө кырсыктарды алдын алуу максатында Свердлов районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан суу объектилерине жакын жерлерге «Сууда сүзүүгө тыюу салынат» деген эскертүү белгилер орнотулууда. Мындан тышкары, Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан бассейндердин администрациясы жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, усулдук сунуштар иштелип чыкты, пляждык күзөт уюштурулуп, сууга түшүүчүлөр менен баарлашуулар жана балдар мекемелеринде […]Читать далее
КР ЖК Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин демилгеси жана Алматы шаарындагы коомдук өкүлдөрүнүн аракети менен Казакстан Республикасында жашаган кыргызстандыктардын балдары үчүн Ысык-Көлдө эс алуу лагери уюштурулууда. Бүгүн 65 баладан турган алгачкы топ Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексине жөнөтүлдү. Балдарды узатууга катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржигит Кадырбеков, Айбек Маткеримов жана […]Читать далее