Акыркы 27 жылда Кыргызстан профсоюздар федерациясынын карамагындагы 96 объект сатылып кеткен

 Акыркы 27 жылда Кыргызстан профсоюздар федерациясынын карамагындагы 96 объект сатылып кеткен

Жогорку Кеңеш «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун укту

 

Жогорку Кенештин жыйынында Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 16-июнунда №341-VII токтому менен түзүлгөн «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулду.

 

Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин корутундусу менен анын төрагасы Шайлообек Атазов тааныштырды. Ал белгилегендей, Кыргызстан профсоюздар федерациясы мүчөлүктөн түшкөн каражаттарды мыйзамсыз каалагандай пайдаланып, өз кызыкчылыктарына колдонуп турган. Анын кесепетинен федерациянын карамагындагы эс алуучу объектилер оңдоп түзөөдөн өтпөй, азыр четинен талкаланып жатат деди Шайлообек Атазов.

 

“”Кыргыз-курорт туризм башкармалыгынын берген маалыматында 1995-2022-жылдар аралыгында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын карамагындагы 96 объект сатылган. Аларды менчиктештирүүгө мамлекеттик кызматкерлердин, сот жана укук коргоо органдарынын жана мурунку чакырылыштын депутаттарынын да катыштыгы бар”- деп билдирди депутат.

 

Мыйзамсыз сатылган мүлктөр боюнча учурунда 29 кылмыш иши козголуп, бирок алардын үчөө гана сотко жеткен.

 

«Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгында төмөнкүчө корутундуга келди:

 

Башкы прокуратура 1992-жылдан тартып ушул учурга чейин Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу мүлктөрдү саткан жетекчилерге чара көрүү;

Убагында ар-кандай себептер менен сатылып, менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу;

Менчиктештирүүгө, сатууга көмөктөшкөн тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерге карата чара көрүү;

“Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзамынын редакциясын иштеп чыгуу;

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын колдонуусундагы мүлктөрдү Министрлер кабинетине же Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү;

Кесиптик бирликтин тармактык бөлүмдөрү иш-мерчемдерин санариптештирүү, тармак ичиндеги бөлүмдүк жетекчилер арасында кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү.

Талкууда депутат Балбак Түлөбаев Жети-Өгүз курортунун айланасындагы маселени көтөрүп, бул тармакты реформалоо зарылдыгын айтты. Жогорку Кенештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн жаңылоо учурдун жана анын мүчөлөрүнүн дагы талабы экендигин белгиледи. Депутат Чолпон Султанбеков жыл сайын республикалык бюджеттен эмгекчилердин эс алуусу үчүн профсоюздар федерациясына бөлүнүп жаткан каражаттардын максаттуулугун тактоону белгилеп, 55% мүлктөрдүн сатылышына карата чара көрүү боюнча прокуратуранын аракетин сурады. Башкы прокуратуранын өкүлү бул маселе жарандык тартипте каралып, сот аркылуу чечиле тургандыгын кошумчалады.

 

Депутат Кундузбек Сулайманов федерациянын башкармалыгынын 29 мүчөсү кабыл алып жаткан чечимдерине мораторий киргизип, аны токтотуу боюнча мыйзамдуу чара көрүүнү көтөрдү. Депутат Улукбек Ормонов буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү кайтаруу боюнча кесиптик бирликтин өзүнүн позициясын тактады.

 

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Эмил Кызаев акыркы 10 айдан бери УКМКнын тергөө кызматы федерациядагы документтерди текшерип жатканын айтып, мурда сатылган мүлктөрдү кайтарууга даярбыз деди.

 

Депутат Максатбек Сарбагышев кесиптик бирликтердин эмгекчилердин укуктарын коргоо багытында алып барып жаткан ишмердүүлүгүнө кызыкты. Ал эми депутат Айбек Алтынбеков Эсептөө палатасы профсоюздар федерациясын кайрадан текшерип чыгуусун, Арстанбаптагы эс алуу санаториясын жергиликтүү бийликке убактылуу башкарууга берүү маселесин көтөрдү.

 

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттарыалынды. тарабынан «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу токтом долбоору кабыл алынды.

Связанный пост