Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук милициясына арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстандын аймагында куралдуу кол салуусу учурунда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясына мыйзамдуу чара […]Читать далее
Бүгүн, 16-июнда Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехтин ачылышына катышты. Министр Каныбек Иманалиев НМУда этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехтин ачылып жатканы абдан символикалуу экендигин айтып, Нарын облусу […]Читать далее
Июнь айында 20 миңге жакын башталгыч класстын окуучулары 500 мектептин жана 25 коомдук китепкананын жайкы лагерлерине барды. Балдар лагерде окуу жана эсеп көндүмдөрүн өркүндөтүшөт, бул алардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Лагерлер USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган. USAIDдин долбоору мугалимдерге оюн тапшырмалары менен колдонмону иштеп […]Читать далее
2023-жылдын 30-июнунда ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Ысык-Көл-Ош багыты боюнча каттамын ачууну максат кылууда. Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин аткарылат.Читать далее
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун фирмаларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Анда, туристтик мезгил учурунда жүргүнчүлөрдү ташууда коомдук транспорттордун техникалык абалы, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча лицензиялык уруксат кагаздары, айдоочулардын психологиялык даяр […]Читать далее
16-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Иран менен Кыргыз Республикасынын курама командасынын ортосундагы Борбордук Азия футбол Ассоциациясынын (ЦАФА/CAFA) биринчи турниринин беттештери өтөт. Анда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого Бишкек гарнизонунун 2 миңден ашуун кызматкери тартылат. Урматтуу күйөрмандар Бишкек ШИИББгы сиздерди коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузбоого, стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып […]Читать далее
Ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу жана жашыл бак-дарактарды күндүз сугаруу боюнча рейд учурунда “Бишкексууканал” ӨЭБсынын кызматкерлери борбордогу 49 миңге жакын үй ээликтерин текшеришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө 302 мыйзам бузуу аныкталган. «Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерин» бузгандыгы үчүн суу өлчөгүчтөрү жок үй ээлеринин мыйзам бузууларына 8 миң 231,76 сом өлчөмүндө эсептелген. “Бишкексууканал” ӨЭБсынын контролёрлору ичүүчү […]Читать далее
2023-жылдын 5 айында Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен 485,7 млн сом которулду. Анын ичинен: Бюджеттер аралык трансферттер: Теңдөөчү трансферт- 386,7 млн сом; Ыйгарым укуктарды берүүгө – 29,4 млн сом; Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 12,3 млн сом; Башкы план -55,3 млн сом (калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгууга). Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздарга жардам […]Читать далее
Бүгүн, 16-июнь күнү Бишкек шаарынан Балыкчы шаарына чейин алгачкы жүргүнчү поезди жөнөп кетти. Поезддин курамында 7 вагон бар, 185 жүргүнчү түштү. Жүргүнчүлөрдү ташыган Бишкек – Балыкчы поезди ар аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттап турат. Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника […]Читать далее
Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 249,3 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланды. Анын ичинен: Бюджеттер аралык трансферттер : Теңдөөчү трансферт – 196,4 млн сом; Ыйгарым укуктарды берүүгө – 18,2 млн сом; Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 27,2 млн сом; Башкы план – 7,5 млн сом.Читать далее