Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи: “Учурдан пайдаланып, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырза баштаган германиялык делегацияга ыраазычылык билдирем, меймандос Кыргызстан жерине кош келдиңиздер. Бул сапар биздин өлкөлөр ортосундагы достукту жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министрлигинин Статс-катчысы Удо Филипп башында турган Германиянын экономикалык делегациясы менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык мамилелердин алкагында кыргыз-герман кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканы айтылды. Анда 2022-жылы эки тараптуу мамилелердин тарыхында […]Читать далее
Акылбек Жапаров менен “Вайлдберриз” компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук электрондук сооданы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Вайлдберриз” ЖЧКнын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчукту кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин жана “Вайлдберриз” базарынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Мындан тышкары, тараптар эл аралык сооданы, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өнүктүрүү үчүн салык жана бажы системаларын шайкеш […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” Мыйзамына жана Министрлер Кабинетинин # 291 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Ноокат районунун Төөлөс, Көк-Бел жана Гулистан айыл аймактарынын кезектеги 103 жаранынын жашап жаткан турак жайлары мамлекеттик каттоого алынып, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер, мамлекеттик актылары берилди. КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым […]Читать далее
Бүгүн, 22-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү болду. Өлкө лидерлери кыргыз-герман эки жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин, ошондой эле бардык тармактардагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров немец делегациясынын башында турган Германия Президенти менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүндү. Сынакка этникалык кыргыздар – Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 06.07.2022-ж. №476 буйругун аткаруу максатында, Баткен район аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан, тиш дарылоочу жайлардагы лицензиялык талаптардын аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Жыл башынан бери Баткен санитардык эпидемилогиялык көзөмөлдөө борбору облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте стоматологиялык жайлардын санитардык абалын текшерип, жыйынтыгында 2023-жылдын январь айынан баштап […]Читать далее
Ош шаарындагы “Алай ”футбол академиясынын машыгуу талаасында Эл аралык йога күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, маданият ишмерлери, йога мышыктыруучулары жана активдүү шаар тургундары катышты. Нурбек Кадыров өз сөзүндө, йога руханий жана тулку денени чыңдоочу механизм жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров менен Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий
Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди, килемчелер төшөлдү. Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашты, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. […]Читать далее
2023-жылдын 5 айында Мамлекеттик салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 275,6 млн сом акциз салыгын чогултту. Жалпысынан бул продукцияга акциз салыгы киргизилгенден бери бюджетке 445,9 млн сом түшкөн. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына киргизилген алкоголсуз суусундуктарды (кант же аны алмаштыруучу же даамдуу-жыт берүүчү заттарды камтыган суу) өндүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоого […]Читать далее