Бүгүн, 20-июнда, билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Улуу Ата Мекендик согушта каармандык көрсөткөн шаарлар аркылуу өтүүчү «Эскерүү поездинин» жүрүшүнө Кыргызстандын атынан катыша турган 20 окуучу менен жолугушту. Бекжан Супаналиев бул долбоорго катышуу үчүн сынак аркылуу мыктылар тандалып алынгандыгын белгилеп, балдарды жеңиши менен куттуктады. “Сиздер үчүн баатыр шаарлар менен жакындан таанышуу, ата-бабаларыбыздын […]Читать далее
2023-жылдын 20-июнунда Сокулук районунун Шопоков шаарында мунай базада мунай продуктулары бар 1 цистерна жарылып, Чүй облусунун саламаттык сактоо координатору Бактыгул Мамытованын алдын ала маалыматы боюнча, анын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Ар кандай даражадагы күйүк алган төрт жабырлануучу тез жардам кызматы менен Сокулук районунун Жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилген. Жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө […]Читать далее
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды. Долбоорго ылайык, көчөлөрдү жарыктандыруу системаларын, ирригациялык тармактарды, фонтанды жаңылоо, брусчаткаларды төшөө, отургучтарды орнотуу боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, долбоор Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган беш долбоордун алкагында ишке ашууда.Читать далее
Бүгүн 20 июнь кечки саат 21:00 чамаасында Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок унаа жолунун 1,0 км – 2,0 км аралыгы толук тазаланып, каттам 2 тараптуу ачылды. Саат 18:00 чамаасында жолдун бир бөлүгү ачылып, каттам эки тараптуу жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек, аталган жолдо сел жүрүп, каттам убактылуу тазалоо иштери үчүн жабылган. Аткаруучу: Чүй филиалынын №31 жол тейлөө ишканасы.Читать далее
КР УКМК тарабынан Чүй облусунун аймагындагы ЕАЭБдин товарлары үчүн чек ара бекеттери аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып келүүнү аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, “К.Ф.А.” ЖЧКсы тарабынан 5000 литрден ашык өлчөмдө алкоголдук продукция мыйзамсыз ташылып келинген фактысы аныкталды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында курамында спирт бар продукцияны сактоого жана сатууга тиешелүү уруксат кагаздарынын […]Читать далее
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен нефтебазадагы өрт саат 19:22де толугу менен өчүрүлдү. Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүгө КР ӨКМден жалпы 8 күжүрмөн эсеп, анын 5 күжүрмөн эсеби Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу ӨКБдан тартылган. Ошондой эле Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу тартылды. Мындан сырткары, “Кыргызтемир” жол […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты. Техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземинде Бакыт Төрөбаев Мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер Кабинети жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу максатында тиешелүү министрликке техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнгөнүн […]Читать далее
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борбору маалымдады. Өрттү өчүрүүгө саат 16:11де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2, Москва райондук №15 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам топтору тартылган. Мындан сырткары Бишкек […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 20-июнда, Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк дүйнөсүнүн илим жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Шахин Мустафаев Түрк академиясынын ишмердүүлүгү, анын ичинде Кыргызстанга байланыштуу иш-чаралар менен илимий долбоорлор тууралуу маалымат берди. Атап өтсөк, 19-26-июнь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан жана онго жакын мамлекеттен отуздай жаш […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Сунушталган Мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө төмөндөгүлөр аркылуу тартууга багытталган: – активдерди декларациялоо учурундагы абалы боюнча жеке жактарга таандык, анын ичинде […]Читать далее