Маданият

Тоң районунун Кызыл-Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” кароо-сынак фестивалы

Тоң районунун Кызыл-Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” кароо-сынак фестивалы өттү. Салтанаттуу иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Байышбек Астанакулов, бир катар коомдук жана маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар катышты. Иш- чаранын ачылышы манасчылардын манас айтуусу менен башталып, андан […]Читать далее

Экономика

Бавариялык компаниялар Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин өкүлү Андреас Ройхляйн башында турган Бавария Федералдык жеринин (ГФР) экономикалык делегациясы менен жолугушту. Улуттук агенттиктин директору кызматташуу багыттары жана Германиядан КРга инвестициялар бөлүгүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жалпы өлкөбүздүн инвестициялык климаты, жеңилдиктери жана преференциялары жөнүндө айтып […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын I жарым жылдыгынын

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты. Жыйындын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана анын орун басарларынын маалыматы угулду. “Мен буга чейин ар бир министрдин орун басарына министрликтин ишмердүүлүгүнүн белгилүү бир багыты бөлүнүшү […]Читать далее

Коом

Борбор калаанын кесилиштерин көрктөндүрүү иштери уланууда

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы борбор калаанын кесилиштерин көрктөндүрүү иштерин улантууда. Акыркы бир жуманын ичинде шаар дагы эки ландшафттык бурчка ээ болду, жашылдардыруучулар Бөкөнбаев/Ибраимов, Байтик-Баатыр/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин, ошондой эле Пушкин көчөсүндөгү Курманжан Датканын эстелигинин алдын   көрктөндүрүштү. Бул жолу жашылдандыруучулар жол кесилишин жакшыртууда мрамор, башка табигый таштар жана өзгөчө кабык түрүндөгү жасалгалоочу элементтерди гана эмес, […]Читать далее

Коом

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын 1-турунун 51 жеңүүчүсүнүн

Лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясынын чечими менен 26-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн утуштун 1-турунун 51 байге боюнча жыйынтыгы жокко чыгарылды. Комиссия жеңүүчүлөр тарабынан шарттардын сакталгандыгын текшерүүнүн жыйынтыгында Лотереянын талаптары бузулгандыгы аныкталгандыктан, ушундай чечим кабыл алды. Тактап айтканда, 1 электромобиль, чет өлкөгө 1 жолдомо, 21 iPhone14, 19 смартфон, 8 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 1 фендин утуштары жокко […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Арабияга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-20-июлда Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышуу үчүн Сауд Араб Падышалыгына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Аталган иш-чаранын алкагында өлкө лидерлери саясий, […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери иш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарынын 60% жумушчулар менен камсыз

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын алты айында иш берүүчүлөр бош жумуш орундарына 12 миңден ашык арыз беришкен. Шаардык жана райондук иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан бош орундарга 7,5 миңден ашык жумушсуз жарандар же муктаждыктын 60% ишке орношкон. Ошол эле учурда өндүрүштүн тармактары үчүн кадрлардын жеткиликтүүлүгү ар кандай болгон. Мисалы, […]Читать далее

Коом

Бишкектин Ленин районунда «Өспүрүм-эмгек» ату рейд өттү. 9 ата-энеге протоколдор

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм-эмгек» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү 2023-жылдын 12- июлунан 14- июлуна чейин Ленин районунун аймагында «Өспүрүм-эмгек» профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө ата-эненин иштегенине жардам берген 72 бала аныкталып, андан сырткары ата-энесинин коштоосунда жүргөн 30 бала аныкталды, анын ичинен 21 бала КР ИИМдин ЖУАБга өткөрүлдү, […]Читать далее

Билим

Кыргызстандын Жыргалаң жайлоосунан мамонттун сөөгүнүн калдыгы табылды

Кыргызстандын Жыргалаң жайлоосунан мамонттун сөөгүнүн калдыгы табылды. Эс алууну илимий изилдөөлөр менен айкалыштырып жүргөн мектеп окуучуларынын бул табылгасы чет элдик окумуштууларды да кызыктырып жатат.Читать далее

Коом

Быйыл Бишкекте дем берүүчү грантка 10 млн сом каралган

Борбор калаанын акимчиликтеринде дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча жыйын өттү. Свердлов районунда 11 долбоор каралды. Бардык долбоорлор жактырылып, жалпы суммасы 5 435 893 сомдук дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо  сунушталды. Октябрь району боюнча 10 долбоор каралды. Бардык долбоорлор жактырылды жана жалпы суммасы 5 348 589 сомду түзгөн дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо  сунушталды. Негизинен каражат […]Читать далее