КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 14-июлунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы – С.А.С., ошондой эле, уюштуруучусу […]Читать далее
14 – июль күнү Каракол шаарынан келген 31 жаштагы эс алуучу оор кырдаалга кабылган. Бостери айылынын жээгинде жайгашкан айланма кароо аттракционуна, моторлуу кайыкка байланган аба парашюту менен сейилдеп бара жатып, илинип калган. Муну көргөн, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлери дароо аттракциондун ишин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Эки тараптуу кызматташтыктын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Сауд Араб Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин […]Читать далее
Бишкекте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Калыс-Ордо конушундагы бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи өттү. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты – 1 390 чарчы метр, жалпы аянты – 0,68 га. Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн – зоок, буфет, ашкана, жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан. […]Читать далее
2023-жылдын 7-июлунда саат 14:35те Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайма-Тоо милиция бөлүмүнө, Ош областар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асанова кабар берип, анда белгисиз журналистер келип, төрөт үйүндө уруксатысыз видео-тасмага тартып жумушуна тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган билдирүү ошол эле күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Германиядан чыгарылган бир трактор ондогон жолугушууларга жана жыйындарга
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бавариянын Экономика, аймактык өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт башында турган Германия Федеративдүү Республикасынын делегациясы менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, маалыматтык технологиялар, инновациялар, тоо-кен жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири […]Читать далее
Алмаз Мамбетов Азербайджан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тийешелүү буйрукка 6-июлда Акылбек Жапаров кол койгон. Маалымат иретинде: ➡️Азербайжан Республикасынын Президенти И.Г.Алиевдин 2022-жылдын 11-12-октябрында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. ➡️Фонддун максаты – Кыргыз Республикасы менен Азербайжан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, өлкөгө расмий сапар менен келген Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти кабыл алды. Өнөктөштүктүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу стратегиялык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Чонг У Тэктин Кыргызстанга болгон сапары эки өлкө ортосундагы достуктун жана […]Читать далее
2023-жылдын 15-июлунан тартып «Урал аба жолдору» Бишкек-Казань-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткарууну максат кылууда. Авиакаттамдар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү аткарылмакчы. Эскерте кетсек, башка авиакомпаниялар бул багыт боюнча жумасына 5 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү каттамдарды аткарышат.Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда, Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу […]Читать далее