Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:45те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-июнь айларында 38774 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2023-жылы июнь айында 4583 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1218 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Шакиев Жыргалбек Тургунбекович борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.Читать далее
Капиталдык курулуш башкармалыгы №31 бала бакчада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат. Учурда негизги корпусту капиталдык оңдоо жана бекемдөө, чатырын иретке келтирүү иштери аяктады. Ички жасалгалоо, анын ичинде ички жана тышкы инженердик тармактарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Ошону менен бирге бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери улантылууда. Мекеме, негизги имараттан жана өзүнчө көмөкчү жайлар, чарбалык блоктордон ошондой эле […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (14 июля 2023 года № 136). Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 14-июнунда кабыл алынган. Жогоруда аталган Мыйзам 2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу […]Читать далее
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 21:52де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
2023-жылдын 14-июль күнү саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында болжол менен 150дөн ашык белгисиз адамдар алдын ала макулдашуу боюнча коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузушуп, «Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам» деген шылтоо менен Бишкек-Күн-Туу унаа жолун тосуп, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытышкан. Аталган факт Сокулук […]Читать далее
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Индиянын улуттук коопсуздук боюнча Кеңешчисинин
Бүгүн, 17-июлда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Индия Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча Кеңешчисинин аппаратынын ортосунда консультациялардын экинчи раунду болуп өттү. Жолугушууда регионалдык коопсуздукту камсыздоо, терроризмге, экстремизмге, наркотрафикке жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы туруу маселелери талкууланды. Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун, ошондой эле медицина тармагындагы айрым биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралды. […]Читать далее
Унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коомдук талкууга алып чыкты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн төмөнкү өлчөмдөрү колдонулаары […]Читать далее
Акылбек Жапаров арбитраждык процесстерде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эл аралык юридикалык
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров акыркы жылдарда арбитраждык процесстерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргогон Willkie Farr & Gallagher эл аралык юридикалык компаниясынын өнөктөшү Бертру Грегуар башында турган компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана министрликтин Соттук өкүлчүлүк борборунун (мындан ары – СӨБ) жетекчилиги […]Читать далее