Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” МИнын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, жолдун 46,960 – 46,660 км бөлүгүнө 300 метр асфальт-бетон төшөлдү. Аткаруучу: ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» МИ №2 Жол курулуш башкармалыгы.Читать далее
Кара-Суу жана Ноокат райондорунун окуучулары автоунааларды айдап бара жаткан жеринен
Эскертүүлөргө карабастан Ош облусунун аймагында “Акыркы коңгуроо” аземинен кийин Кара-Суу жана Ноокат райондорунун окуучулары автоунааларды айдап бара жаткан жеринен Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды. Жалпы 4 унаа токтотулуп, алардын экөө Кара-Суу экөө Ноокат районунун окуучуларынын башкаруусунда экени аныкталды. Унаа башкарып бара жаткан бүтүрүүчү класстарлын окуучуларында айдоочулук күбөлүгү жок болгондуктан, автоунаалар жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн […]Читать далее
Клиникалык тез жардам ооруканасында компьютердик томография борбору ачылды
2023-жылдын 25-майында Клиникалык тез жардам ооруканасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун, оорукана кызматкерлеринин жана башка ардактуу коноктордун катышуусунда МЖӨ долбоорунун алкагындагы экинчи компьютердик томография борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Министрдин орун басары Улан Садыков белгилегендей, мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарына компьютердик томографиялык аппараттарды орнотуу ар кандай ооруларды аныктоону жана дарылоону кыйла жакшыртат, калкка жеткиликтүү […]Читать далее
Президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгына ылайык Республика боюнча сынак өткөрүлүп, ага 44 район жана 30 шаар катышты. Сынактын жыйынтыгында Свердлов районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячылары жана мугалимдери 1-орунга ээ болушту. Өз кезегинде Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери, акимдин биринчи орун басары Руслан Бекназаров мугалимдерге жана тарбиячыларга терең ыраазычылык билдирип, мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырышты. Сынактын […]Читать далее
“Элибиздин эң негизги байлыгы – бул чыгармачыл, илимдүү, интеллектиси жогору, коомго пайдалуу жаштарды тарбиялоо”,- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшыруу учурунда. “Элибиздин негизги байлыгы – коомго пайда алып келе турган чыгармачыл, билимдүү, интеллектуалдык деңгээли жогору жаштарды тарбиялоо”, – деди […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, салтанаттуу аземде билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды. Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча республиканын бардык аймактарынан 57 улан-кыз эң жогорку упайга ээ болушту. Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти жеңиштүү аякташы менен куттуктап, алардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Белгилей кетсек, эң жогорку 235 баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин […]Читать далее
Кыргызстанда 996 мектеп директору кызматтан алынып, конкурс жарыяланат. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова конкурс эки этапта өтөрүн билдирди. “Талапкерлер документтердин пакетин чогултуп, министрликтин атайын электрондук платформасына жүктөшү керек. Документтер талапка жооп берерлик болсо, талапкерлерге биринчи этаптан өткөнү тууралуу билдирүү келет. […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-2023-окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына (мындан ары – коож) абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графиги боюнча буйругу бекиди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Бекитилген буйрукка ылайык, документтерди онлайн каттоонун биринчи туру 2022-жылдын 12-июлунан 18-июлуна чейин жүрөт. Кирүү сынактары 19-20-июлда төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт: – баллдары бирдей болгон […]Читать далее