Садыр Жапаров: “Элибиздин эң негизги байлыгы – бул чыгармачыл, илимдүү, интеллектиси жогору, коомго пайдалуу жаштарды тарбиялоо”

 Садыр Жапаров: “Элибиздин эң негизги байлыгы – бул чыгармачыл, илимдүү, интеллектиси жогору, коомго пайдалуу жаштарды тарбиялоо”

“Элибиздин эң негизги байлыгы – бул чыгармачыл, илимдүү, интеллектиси жогору, коомго пайдалуу жаштарды тарбиялоо”,- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшыруу учурунда.

“Элибиздин негизги байлыгы – коомго пайда алып келе турган чыгармачыл, билимдүү, интеллектуалдык деңгээли жогору жаштарды тарбиялоо”, – деди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын аттестаттарды” тапшыруу аземинде. Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектептер жана лицейлер.

Бүтүрүүчүлөрдү куттуктап жатып, Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда деп баса белгилеп, билим берүү системасына комплекстүү чара көрүүнү колго алып келебиз.

Мына ошол өлкөбүздүн үмүтү болгон кыргыз элинин таланттуу, билимдүү, мыкты, алдыңкы бүтүрүүчүлөрү менен бүгүн жолугушуп, жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку баллга ээ болгон бүтүрүүчүлөр менен ата-энелери, окуткан мугалимдери эле сыймыктанбастан, баарыбыз – жалпы Кыргызстан эли сыймыктанып турабыз.

Канткен менен силер алдыдагы жашооңорго бекем пайдубал болуп бере турган мектеп жылдарын артка калтырып, ата-энеңер  жана мугалимдериңер менен бирге өмүр жолуңардын эң маанилүү бөлүгүн басып өттүңөр. 11 жыл бою билим чырагын колуңарга алып, талбай окуп, көз майыңарды коротуп, мээнет кылып, ошол мээнетиңердин жемишин татып отурасыңар. Бирок “Билим алуу ийне менен кудук казгандай” дегендей, нагыз билимдин даңгыр жолуна эми түшкөнү турасыңар.

Келечекте татыктуу кесиптин ээси болууга умтулуп, улуу максаттарды алдыга коюп, багытыңарды аныктап алдыңыздар деп ишенип турам. Себеби, алысты көрө билген адам гана алдыдагы максаттарына терең билим алуу менен гана жетерин азыртан аңдап-билип, ага жетүүгө талпынат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгындагы алган баллыңар силердин бул багыттагы аракетиңердин үзүрү болуп калды.

Ага жараша мамлекетибиз дагы мыкты бүтүрүүчүлөрдүн, өлкөбүздүн жигердүү жаштарынын Ата Мекенин алга сүрөйм деген дымагын коштоп, алардын чыгармачыл, илимий жана кесиптик потенциалына ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатат.

Билим алууга болгон үмүт-тилегиңер орундалып, аракетиңер арбып, арышыңар кеңейсин!. Келечекке жол чаап берген мектебиңерден алган билимиңер мындан аркы окууңарга бекем пайдубал болуп, андан ары Ата Журтуңарга пайда алып келишин тилейм.

Билим уясы болгон мектепти окуучу, мугалим жана ата-эне деген 3 жактуу обьектисиз элестетүү эч мүмкүн эмес. Өлкөбүздү өнүктүрүүнүн өзөгүндө окуучуларыбыз турса, алардын билим кенин казуудагы баскан жолунда дем берген, күч берген, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, алга сүрөгөн асылзат устаттар дал ушул мугалимдер менен ата-энелер эмеспи.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, аларга биз силер менен кошо башыбызды ийип таазим кылабыз, ар дайым ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Связанный пост