Президент ЖРТдан эң жогорку упай алгандарга «Алтын сертификаттарды» тапшырды

 Президент ЖРТдан эң жогорку упай алгандарга «Алтын сертификаттарды» тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, салтанаттуу аземде билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды.

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча республиканын бардык аймактарынан 57 улан-кыз эң жогорку упайга ээ болушту.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти жеңиштүү аякташы менен куттуктап, алардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, эң жогорку 235 баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Колбаев алды. Экинчи орунга 231 балл менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Артём Марченко чыкса, үчүнчүнү 228 балл менен Бишкек шаарындагы К. Скрябин атындагы №28 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Кубан Жапаров багындырды.

235тен 221 баллга чейин упай топтогондордун эң көбү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү, алардын саны 35ти түзөт.

Ысык-Көл облусу — 5, Чүй облусу — 4, Ош облусу — 4, Ош шаары — 3, Баткен облусу— 3, Нарын облусу — 2, Жалал-Абад облусу — 1.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө үч турдун жыйынтыгы менен жалпы 51 миң 185 абитуриент катышты.

Связанный пост