Кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу 12-июлда башталат

 Кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу 12-июлда башталат

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-2023-окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына (мындан ары – коож) абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графиги боюнча буйругу бекиди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бекитилген буйрукка ылайык, документтерди онлайн каттоонун биринчи туру 2022-жылдын 12-июлунан 18-июлуна чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 19-20-июлда төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

– баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
– медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 22-июлда белгилүү болот. Сунушталган абитуриенттер 23-июлдан 26-июлга чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоого тийиш.

II тур

Документтерди онлайн каттоонун экинчи туру 2022-жылдын 27-июлунан 3-августка чейин уланат.

Кирүү сынактары 4-5-август күндөрү төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

– баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
– медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 8-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 9-августтан 11-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу керек.

III тур

Документтерди онлайн каттоонун үчүнчү туру 2022-жылдын 12-августунан 19-августка чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 20-22-августта төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

– баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
– медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 24-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 25-августтан 27-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу зарыл.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графиги боюнча буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан КРнын коождун жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

⦁ Абитуриент онлайн https://2020.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонуу менен коождорго абитуриенттердин документтерин электрондук кабыл алууну уюштуруу;

⦁ Адистиктер боюнча (медициналык, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктеринен тышкары) конкурсту конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн профилдик предметтин баасын эске алуу менен орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баасынын негизинде өткөрүү;

⦁ Кошумча кирүү сынактарын тиешелүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдик предметтер боюнча бааны эске алуу менен аттестаттын же күбөлүктүн орточо баасы бирдей болгон абитуриенттер бир орунга талапкер болгон учурда өткөрүү.

⦁ Медициналык адистиктер, ошондой эле маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт жаатындагы адистиктер боюнча конкурс коож тарабынан өз алдынча өткөрүлүүчү кирүү сынактарын тапшырууда абитуриент ээ болгон баллдардын суммасы жана профилдик предметтер боюнча бааларды эске алуу менен орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын ортосо баасы боюнча өткөрүү;

⦁ Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билими жөнүндө документтер (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын окуу жайларынан тышкары) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде экспертизадан өтүшү керек. КР БИМ тарабынан берилген билимдин мазмунунун деңгээлине ылайык келүүсү жөнүндө маалымкатсыз чет өлкөлүк окуу жайларды аяктаган абитуриенттерди кабыл алууга жол берилбейт.

Связанный пост