Клиникалык тез жардам ооруканасында компьютердик томография борбору ачылды

2023-жылдын 25-майында Клиникалык тез жардам ооруканасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун, оорукана кызматкерлеринин жана башка ардактуу коноктордун катышуусунда МЖӨ долбоорунун алкагындагы экинчи компьютердик томография борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Министрдин орун басары Улан Садыков белгилегендей, мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарына компьютердик томографиялык аппараттарды орнотуу ар кандай ооруларды аныктоону жана дарылоону кыйла жакшыртат, калкка жеткиликтүү баада жогорку технологиялык медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырат.

«Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен КТ кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Пландаштырылган алты борбордун экөө Бишкек шаарында, калгандары аймактарда: Балыкчы, Токтогул, Кадамжай, Өзгөн шаарларында орнотулат. Мындан тышкары, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында заманбап жогорку технологиялык диагностикалык ыкмалардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун алкагында 5 компьютердик томограф сатылып алынып, беш аймактык бириккен ооруканага өткөрүлүп берилди», – деди министрдин орун басары Улан Садыков.

Эске салсак, компьютердик томография борборлорун түзүү максатында 2022-жылдын 7-февралында «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографияларды (КТ) орнотуу» МЖӨ долбоору боюнча сынак жарыяланып, жыйынтыгында 2022-жылдын 24-августунда «Афей Холдинг» ЖЧКсы жеңүүчү катары тандалып алынган. МЖӨ жөнүндө Макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2022-жылдын 9-ноябрында «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» долбоордук компаниясы түзүлгөн.

Долбоордун максаты саламаттык сактоо уюмдарында (Бишкек жана облустарда) компьютердик томографиялык (КТ) диагностика борборлорун түзүү болуп саналат.

Долбоор инфраструктурага жана жабдууларга инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берүүчү ресурс болуп калышы мүмкүн жана ошол эле учурда калк үчүн бул кызматтардын баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизет.

Связанный пост