Кара-Суу жана Ноокат райондорунун окуучулары автоунааларды айдап бара жаткан жеринен кармалды

Эскертүүлөргө карабастан Ош облусунун аймагында “Акыркы коңгуроо” аземинен кийин Кара-Суу жана Ноокат райондорунун окуучулары автоунааларды айдап бара жаткан жеринен Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды.

Жалпы 4 унаа токтотулуп, алардын экөө Кара-Суу экөө Ноокат районунун окуучуларынын башкаруусунда экени аныкталды. Унаа башкарып бара жаткан бүтүрүүчү класстарлын окуучуларында айдоочулук күбөлүгү жок болгондуктан, автоунаалар жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлүп, 4 автоунаа айып короолоруна киргизилди. Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан эс алуучу жайларга баруучу жолдордун бардыгына атайын күзөттөр коюлганын эскертебиз.

Связанный пост