Свердлов районунун мугалимдерине сыйлыктар тапшырылды
![Свердлов районунун мугалимдерине сыйлыктар тапшырылды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/whatsapp-image-2022-08-03-at-09.44.45-1-1-850x560.jpeg)
Президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгына ылайык Республика боюнча сынак өткөрүлүп, ага 44 район жана 30 шаар катышты.
Сынактын жыйынтыгында Свердлов районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячылары жана мугалимдери 1-орунга ээ болушту.
Өз кезегинде Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери, акимдин биринчи орун басары Руслан Бекназаров мугалимдерге жана тарбиячыларга терең ыраазычылык билдирип, мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырышты.
Сынактын катышуучулары:
– Замирбек кызы Асел;
– Бегалиева Алтынкыз Эсеналиевна;
– Абдыкасымова Эльмира Токоновна;
– Кадырбаева Гүлзат Жунусовна;
– Эркалиева Оксана Чынарбековна;
– Кайыпова Калтар Байгазиевна;
– Дуулатова Гулай Кубатовна;
– Абдыкасымова Бурул Токоновна;
– Бегалиева Жумагул Итибаевна;
– Жумаев Элдос Бактыбекович;
– Шапакова Айнаш Асановна.