Кыргызстанда 1000дей мектеп директору кызматтан алынып, конкурс өтөт.

 Кыргызстанда 1000дей мектеп директору кызматтан алынып, конкурс өтөт.

Кыргызстанда 996 мектеп директору кызматтан алынып, конкурс жарыяланат.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова конкурс эки этапта өтөрүн билдирди.

“Талапкерлер документтердин пакетин чогултуп, министрликтин атайын электрондук платформасына жүктөшү керек. Документтер талапка жооп берерлик болсо, талапкерлерге биринчи этаптан өткөнү тууралуу билдирүү келет. Экинчи этапта беш бөлүктөн (психология, педагогика, IT тармагы, менеджмент жана билим берүү тармагындагы мыйзамдан) турган тесттен өтүшөт. Баса белгилеп кетсем, тестке Билим берүү министрлиги эч кандай таасир эте албайт”, – дейт ал.

Шамшидинова белгилегендей, тесттен өткөн талапкердин жыйынтыгы мониторго дароо чыгып, протокол басып чыгарылат.

“Биз тесттин структурасын, суроолорун даярдап жатабыз. Июль айынын аягында биздин сайтта бардык керектүү болгон нормативдик документтердин тизмеси жарыяланат. Ошондой эле талапкерлерге жеңил болушу үчүн сыноо тестти уюштурулат”, – деди аталган борбордун директору.

Шамшидинова кошумчалагандай, учурда тесттеги суроонун саны жана аны тапшыруу убактысы каралап жатат.

“Азырынча 1 саат 20 мүнөт деп жатабыз. Ал эми суроолордун саны 60-80дин тегерегинде болот. Бир дагы тесттин жообу сатылбайт, анткени аны даярдаган адам менен келишим түзгөнбүз. Ошондой эле биз колдонгон программанын коду чет өлкөдө, ансыз суроолорго эч ким жете албайт”, – деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин конкурстук негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Связанный пост