4-августтан 12-августка чейин Монголияда тогуз коргоол боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Азия чемпионаты 14 жашка чейинки жана 19 жашка чейинки улан-кыздар арасында, ошондой эле чоңдор арасында “стандарт”, “блиц” жана “рапид”категорияларында өткөрүлдү. Кыргызстандын атынан жалпысынан 32 спортчу катышты, алардын ичинен 5 олимпиадалык резервдеги спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары. “Стандарт” категориясында […]Читать далее
4-августта башталган II КМШ оюндары 13-август күнү Беларусиянын борбору Минск шаарында жыйынтыкталды. Аталган оюндарга жалпы 20 мамлекеттен Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Азербайжан, Түркменистан, Монголия, Армения, Пакистан, Ливан, Венесуэла, Малайзия, Йемен, Бахрейн, Куба, Оман, Египет, Кувейт, Бириккен Араб Эмираты, Вьетнам, Орусия, Иран мамлекеттеринен 2000 ден ашык спортчу катышты. Мелдештер Беларус Республикасынын 11 шаарында (Минск, Орша, […]Читать далее
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы 3 медаль жеңди Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы Беларус Республикасынын Солигорск шаарында КМШ оюндарынын алкагында өтүп жаткан мелдеште 3 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди. 82 кг чейинки салмакта катышкан Нурзат Нуртаева алтын медаль тагынды. Ошондой эле 62 кг чейинки салмак категориясында Дилназ Сазанова күмүш […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылындагы ат майданында Көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнө кубогун ачты. Меймандар менен учурашып, Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн жалпы эле спорт күйөрмандары үчүн өзгөчө күн экенин, кыргыз бермети болгон касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде бир катар өлкөлөрдүн ат жалында ойногон жигиттеринин катышуусунда көк бөрүчүлөрдүн кыл […]Читать далее
22-23-август күндөрү, Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт: Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг; Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, […]Читать далее
Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү болду. Мелдеш 5-августта Белградда 8 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өттү. Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Тайпалык баскычта Жоламан Шаршенбеков биринчи орунда жарым финалга чыгып, Венгрия менен Кытайдын спортчуларын эки жолу жеңип алды. 1/2 финалдык беттеште Шаршенбеков Динислам Бамматовду 11:2 эсебинде жана финалда […]Читать далее
Акжол Махмудов 5-августта Сербиянын Белград шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. 77 киллограмга чейинки салмак категориясында Акжол Махмудов алгач 1/4 финалында венгриялык балдан Золтан Левайды жеңип алды. Андан соң, жарым финалда Махмудов Венгриянын дагы бир өкүлү Аттила Тосмагини жеңип финалга чыкты. Чечүүчү беттеште учурдагы дүйнөнүн чемпиону 27 жаштагы Орусия чемпионатынын коло […]Читать далее
5-август күнү Минск шаарында (Беларусь) КМШ оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Азем “Минск-Арена” маданий-спорт комплексинде өттү. Алгач салтанаттуу ачылыш аземде 23 мамлекеттин (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан, Азербайджан, Түркменстан, Монголия, Армения, Пакистан, Ливан, Венесуэла, Малазия, Йемен, Бахрейн, Куба, Оман, Египет, Кувейт, Бириккен Араб Эмираты, Вьетнам, Россия, Иран) желеги көтөрүлүп, парад болуп өттү. Кыргызстандын желегин кичи футбол […]Читать далее
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын 6 мүчөсү Младеновац шаарында (Сербия) өткөн Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды жеңишти. Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) алтын медаль тагынды. Бексултан Махмудов (97 кг) күмүш, ал эми Үзүр Жусупбеков (97 кг) менен Амантур Исмаилов (67 […]Читать далее
1-август күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Абакирдин Рысовдун байгесине арналган Республикалык мелдеши болуп өттү. Мелдешке бардык аймактардан келген 88 спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: 62 кг 1-орун Эламан Базарбек уулу (Бишкек); 2-орун Бей-Барс Анарбеков (Талас); 3-орун Бекболот […]Читать далее