Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет. Белгилей кетсек, бул анын өлкөбүзгө биринчи сапары. 4-5-майга белгиленген сапарынын алкагында Джанни Инфантино Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушат. ФИФАнын жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Президенти менен бирге Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 1-мартында Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык спорт коомчулугунда Кыргыз Республикасынын аброюн бекемдеген жогорку спорттук жетишкендиктерге […]Читать далее
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү күрөш боюнча Азия чемпионатында 4 медаль жеңди (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло). Эркин күрөш боюнча беттештер 13-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өттү. 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал, 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков күмүш медаль жеңди. Ошондой эле 65 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков, 70 кг […]Читать далее
Президент Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады
Президент Садыр Жапаров Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады. “Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты. Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң”, – деп билдирди Президент. Садыр Жапаров балбандарды, Азия чемпионатында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Весмонт шаарында өткөн TYR PRO SERIES Эл аралык мелдешинде экинчи орунду ээледи. Мелдеш 12-апрель күнү башталган , эртең 15-апрель күнү жыйынтыкталат. Петрашов 100 брасс дистанциясында катышат. Белгилей кетсек, аталган мелдешти жеңген спортчулар 1-5-август күндөрү Калифорния штатынын Ирвин шаарында өтө турган “Филипс 66” Эл […]Читать далее
2023-жылдын 13-апрелинде «Манас» эл аралык аэропортунда кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү. Кыз-келиндер арасында өткөн Азия оюндарында кыргызстандык балбан кыздар 3 медалга ээ болушту: Айсулуу Тыныбекова (алтын) Айпери Медет кызы (күмүш) Калмира Билимбекова (коло) «Манас» эл аралык аэропортунан спортчуларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Маданият, […]Читать далее
7-апрелден 9-апрелге чейин Россиянын Москва шаарында кармашып урушуу боюнча аялдар жана эркектер арасында “Достук кубогу-2023” аталыштагы дүйнө кубогу өткөн. Бул тууралуу КРнын ИИМнин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди. Ага ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери дагы катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Бул спорттук иш-чарада 90+ салмакта 2-орунду полктун атайын операциялар отрядынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам […]Читать далее
Бүгүнтөн баштап, эркин күрөш боюнча Кыргызстандык балбандар кызыл килем үстүндө беттешке чыгат. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Бүгүн, 13-апрелде мырзалар арасындагы эркин күрөш боюнча беттештерге Кыргызстандын курама командасынан 5 спортчу күч сынашат. Алар: 57 кг чейин 1/8 финал Алмаз Сманбеков – Мухаммад Билал (Пакистан) 65 кг чейин 1/8 финал Улукбек […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров спортчу кыздарды куттуктады. “Кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөттү. Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди. Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм!”-, деп билдирди Мамлекет башчы. “Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, […]Читать далее
Балбан Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында атаандашын таза жеңиш менен жеңип, Азиянын бешинчи жолку чемпиону болду. Ал алтын медаль үчүн болгон беттеште Монголиядан келген атаандашын 9:4 эсеби менен жеңип алды.Читать далее