Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатын экинчи жолу багындырды

 Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатын экинчи жолу багындырды

Грек-рим күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Акжол Махмудов 1/16 финалдан баштап, 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Спортчу Норвегия, Египет жана Өзбекстандын балбандарын катары менен жеңип, жарым финалда япониянын уткан.

22-сентябрда өткөн чечүчү финалдык беттеште азербайджандык спортчу 1:1 эсебинде жеңип 1-орунду камсыздай алды.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 2022-жылы Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болгон.

Эскерте кетсек, аталган Дүйнө биринчилиги 16-сентябрдан тартып Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жатат. Спортчулар эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшүндө күч сынашып жатышат. Беттештер 24-сентябрь күнү жыйынтыкталат.

Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензиялык мелдеш болуп эсептелет. Жолдомону ар бир Олимпиадалык салмак ченинде бештен балбан алат.

Связанный пост