Азия оюндары: Эрлан Шеров алтын медалга ээ болду

 Азия оюндары: Эрлан Шеров алтын медалга ээ болду

Дзюдо боюнча улуттук курама команданыны мүчөсү Эрлан Шеров Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын чемпиону болду!

Спортчу 90 кг склмак даражасында беттешти.

Эрлан Шеров алгач Кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда Ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭлик спортчуну жеңип финалга жолдомо алган.

Чечүүчү беттеште Өзбексстандык Давлет Бобонов менен күч сынашып, жеңүүчү болду.

Белгилей кетсек, бул Азия оюндарындагы Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы медаль.

Связанный пост