Дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

 Дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Жоламан Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан баштады.

Биринчи атаандашы боливиялык балбанды 10:2 эсебинде, 1/8 финалда грузиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалда өзбекстандык балбанды 10:0 эсебинде артта калтырды.

Ал эми, жарым финалдык беттеште ирандык балбанды жеңип финалга чыкты.

Финалдык беттеште япониянын спортчусу менен күч сынашат.

Беттештер эртең Бишкек убактысы боюнча саат 22:00 дө башталат.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ал үчүн спортчу өзүнүн салмагында ТОП-5ке кириш керек.

Связанный пост