«Манас» аэропортунда Кыргызстандын эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондорун тосуп алышты

2023-жылдын 26-сентябрында «Манас» эл аралык аэропортунда эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү.

Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында эркектер арасында өткөн грек-рим күрөш боюнча мелдеште Кыргызстандын балбандары Акжол Махмудов (77 килограмм чен бирдикте) жана Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм салмак категориясында) алтын байге жеңди.

Спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын аэропорттон КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев, КР Жогорку Кенештин депутаттары, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана спортчулардын күйөрмандары, туугандары, ЖМК өкүлдөрү тосуп алышты.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатынан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байге жеңди. Ошону менен бирге эле 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага төрт жолдомо алышты. Тайырбек Жумашбек уулу олимпиадалык эмес салмак категориясында күрөшкөн, андыктан ага лицензия берүү каралган эмес.

Связанный пост