Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу Дүйнө чемпиону болду

 Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу Дүйнө чемпиону болду

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Спортчу 62 кг чейинки салмакта алгач, алгач польшалык балбанды 8:2 эсебинде, 1/8 финалдык беттешинде Андорралык балбанды 10:0 эсебинде жеңген.

Ал эми, 1/4 финалда Украиналык балбанды утуп, жарым финалда Германиялык спортчуну 4:2 эсебинде жеңип, Париж олимпиадасына жолдомо алды.

Финалдык беттеште япониянын балбанын жеңип алтын медаль тагынды.

Белгилей кетсек, буга чейин 76 кг чейинки салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болгон.

Связанный пост