Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына биринчилерден болуп жолдомо алды

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Спортчу 76 кг чейинки салмакта күч сынашып, алгач Румыниялык балбанды 11:0 ири эсебинде, 1/8 финалдык беттешинде беларус балбанын 10:0 эсебинде жеңген.

Ал эми, 1/4 финалда Канадалык балбанды утуп, жарым финалда колумбиялык спортчуну жеңди.

Финалдык беттеште япониянын балбаны менен кез келет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:30 да башталат.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Связанный пост