Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү. Өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдаштыЧитать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди. Президент Садыр Жапаров биринчи кезекте, чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арая менен жолугушту. Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы өлкөбүзгө өнүгүүнүн бардык тармактарында маанилүү колдоо көрсөткөн стратегиялык өнөктөш болуп саналат. «Кыргыз Республикасы өлкөнүн экономикасын жумушчу орундарын түзүүгө жана региондук жана глобалдык өндүрүштүк-сатуу чынжырчасына интеграцияланууга жөндөмдүү диверсификацияланган жана атаандаштыкка жөндөмдүү жеке […]Читать далее
21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Александр Шалленберг менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, кыргыз-австрия кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере турган бийик жана жогорку […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына (АКШ) болгон иш сапары аяктады, деп билдирет президенттин маалымат кызматы. Мамлекет башчысы 193 өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары жана делегациялары катышкан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебатына катышып, сөз сүйлөдү. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик […]Читать далее
Акылбек Жапаров Япониянын элчисин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Маэда Сигекини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, республиканын аймактарында “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруу, IT жана тоо-кен тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Япониянын Атайын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Жыйын Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында өттү. ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында лидерлер төмөнкү документтерге кол коюшту: Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Самарканд декларациясы. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы ШКУну түзүү тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча уюштуруучу өлкөлөрдүн өз ара ишениминин жана максаттуу ишинин табигый натыйжасы болду. “Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын дээрлик жарымын жана дүйнөлүк ички дүң продуктунун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин аянтчасында жолугушту. Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты. Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун […]Читать далее
Бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00дө Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ЖКнын төрагасы Талант Мамытов “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына чакырат. Белгилей кетсек, жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды талкуулайт.Читать далее