Акылбек Жапаров өлкөдөгү Азия өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арайя менен жолугушту

 Акылбек Жапаров өлкөдөгү Азия өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арайя менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арая менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы өлкөбүзгө өнүгүүнүн бардык тармактарында маанилүү колдоо көрсөткөн стратегиялык өнөктөш болуп саналат.

«Кыргыз Республикасы өлкөнүн экономикасын жумушчу орундарын түзүүгө жана региондук жана глобалдык өндүрүштүк-сатуу чынжырчасына интеграцияланууга жөндөмдүү диверсификацияланган жана атаандаштыкка жөндөмдүү жеке сектор экономикасына трансформациялоого колдоо көрсөтүүгө кызыкдар», – деди ал.

Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арая Акылбек Жапаровго үстүбүздөгү жылдын октябрь айындагы АӨБ Директорлор кеңешинин Кыргызстанга сапары жана 2023-2027-жылдарга өлкө менен жаңы өнөктөштүк стратегиясын талкуулоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттын өзгөрүүсү боюнча долбоорлорду өнүктүрүүнү баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу, өлкөдөгү каржы институтунун учурдагы долбоорлорун илгерилетүү, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.

Связанный пост