Садыр Жапаров: “Кыргызстан ШКУну уюштуруучу мамлекеттердин бири катары Уюмдун алкагында ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет”

 Садыр Жапаров: “Кыргызстан ШКУну уюштуруучу мамлекеттердин бири катары Уюмдун алкагында ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы ШКУну түзүү тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча уюштуруучу өлкөлөрдүн өз ара ишениминин жана максаттуу ишинин табигый натыйжасы болду.

“Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын дээрлик жарымын жана дүйнөлүк ички дүң продуктунун төрттөн бирин бириктирген биздин Уюм мүчө-мамлекеттер тарабынан коюлган максаттар менен милдеттерди ийгиликтүү аткаруу менен ыкчам өнүгүп жаткан трансаймактык бирикмеге айланып баратат. Аталган милдет-максаттардын ичине өз ара ишенимди, достук менен ынак коңшулук мамилени, коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөө; заманбап чакырыктар менен коркунучтарга биргелешип каршы туруу; ШКУ мейкиндигинде өлкөлөр менен элдердин экономикалык жактан өсүшүнө, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө көмөктөшүү маселелери камтылган”, – деди ал.

Садыр Жапаров Уюм коопсуздукту камсыз кылуунун жана мамлекеттер аралык мамилелерди туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп калганын белгиледи.

“Жыл сайын биздин Уюмга кирүүгө кызыкдар өлкөлөрдүн саны артып барат”, – деп, ал Иран Ислам Республикасынын ШКУга мүчө болуп кирүү процессинин ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилеп, Президент  ШКУнун жаңы мүчөлөрү Уюмду мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө татыктуу салымдарын кошот деген ишеничин билдирди.

Ал Кыргыз Республикасы ШКУну уюштуруучу мамлекеттердин бири катары Уюмдун алкагында ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин жана Уюмду мындан ары да бекемдөөгө өз салымын кошо берерин ырастады.

Глобалдык көйгөйлөр менен чакырыктарга токтолуп Садыр Жапаров аларды чечүүнүн кечеңдеши жер бетинде тынчтыкты сактап калууга олуттуу терс таасирин тийгизиши толук мүмкүндүгүнө көңүл бурду жана  Кыргызстан ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугу үчүн коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө чечимди ишке ашырууну жана ал чечимде камтылган Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун Бишкекке ачууну жактай турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы ШКУга мүчө-мамлекеттер эң татаал социалдык-гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүдө Афганстанга көмөк көрсөтүүнү улантып жатышканын белгиледи.

Бул маселелерде Садыр Жапаров белгилегендей,  көп азап чеккен афган элинин кызыкчылыгы үчүн координацияланган аракеттерди көрүшүү зарыл.

Президент ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” аттуу тышкы саясий демилгесине көңүл бурду. Ал бул демилге – ШКУга мүчө мамлекет тарабынан сунушталып жаткан азыркы учурдун эң олуттуу жана маанилүү эл аралык инфратүзүмдүк долбоорлорунун бири экендиги талашсыз экенин белгиледи.

Ал “Бир алкак – бир жолду” мындан ары ийгиликтүү ишке ашыруу, өлкөлөрдүн улуттук жана аймактык өнүгүү стратегиялары менен коштоо экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, инфратүзүмдү жакшыртууга, өз ара маданий алакаларды жандандырууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

“Кыргызстан деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон өлкө катары дүйнөлүк транспорт түйүндөрү менен коридорлоруна кошулуу, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн аракеттерди көрүп келет”, – деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бул өңүттө Кыргыз Республикасы ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы Өз ара байланышты, натыйжалуу экономикалык жана транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жаатында кызматташтык концепциясын ишке ашырууну абдан маанилүү деп эсептейт. Ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин темир жол администрацияларынын өз ара аракеттенүү концепциясын ишке ашыруу планын даярдоону сунуштайт.

“Бүгүнкү күндүн реалдуулугу региондо автомобиль жана темир жол транспорту үчүн жаңы эл аралык каттамдарды түзүү максатында биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгын талап кылууда.

Ушуга байланыштуу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болушу керек. Ал эми аны ишке ашыруу Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү менен транзиттик потенциалын толук ачууга карай олуттуу кадам катары эсептелиниши зарыл”, – деди ал.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө глобалдык өзгөрүүлөргө ээ болуп жаткан маанилүү маселелердин бири азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу экенин айтты. Буга байланыштуу ал кыргыз тарап кытай тараптын Эл аралык азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча билдирүүсүн кабыл алуу жөнүндө демилгесин колдоорун билдирди.

Президент Кыргызстан климаттын жаратылышка, өзгөчө мөңгүлөргө жана биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген терс таасирин ооздуктоого жана жумшартууга багытталган жигердүү саясат жүргүзүп жатканын, ар кандай эл аралык демилгелерди көтөрүп жатканан айтып берди.

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчыларына, дос өлкөлөргө 2021-жылдын декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялангандыгы үчүн биздин ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле, Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасынын ШКУга ийгиликтүү жана натыйжалуу төрагалык кылгандыгына жогору баа берерин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттер “Шанхай демин” карманып, Жер жүзүндө коопсуздукту, туруктуулукту чыңдоого, тынчтыкты сактоого, адамзаттын алдында турган көптөгөн глобалдык маселелерди чечүүгө олуттуу салым кошо аларына бекем ишенимин билдирди.

Связанный пост