Жээнбек Кулубаев Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри менен жолугушту

 Жээнбек Кулубаев Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри менен жолугушту

21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Александр Шалленберг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, кыргыз-австрия кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере турган бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери каралды.

Соода-экономикалык кызматташтык маселелерин жана 2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз-Австрия өкмөттөр аралык Экономикалык кызматташтык комиссиясынын (ӨАК) 8-жыйынын жана Кыргыз-Австрия бизнес форумун талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ал тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракет экендигин белгиледи. Тышкы саясий ведомствонун башчысы кыргыз тарап өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарыл деген позицияны өзгөрүүсүз карманарын баса белгиледи.

Министр А.Шалленберг учурда региондо түзүлүп жаткан кырдаал боюнча өкүнүчүн билдирип, Борбордук Азиядагы тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн орнотулушу Европа үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Связанный пост