Садыр Жапаров жана Александр Лукашенко кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты

 Садыр Жапаров жана Александр Лукашенко кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти    Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты

Связанный пост