Акылбек Жапаров Япониянын элчисин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

 Акылбек Жапаров Япониянын элчисин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Маэда Сигекини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, республиканын аймактарында “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруу, IT жана тоо-кен тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Япониянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Маэда Сигеки кыргыз тарапка жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди жана республиканы өнүктүрүүдө мындан ары карай колдоо көрсөтүүнү жактай тургандыгын билдирди.

Элчи Японияга экспорттолгон кыргыз балын жеткирүү көлөмү алдыңкы позицияны ээлеп, анын популярдуулугу өсүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Япониянын IT-компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасына инвестиция тартууга көмөктөшүү жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы IT бизнести өнүктүрүү максатында Япониянын Тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (JETRO) үстүбүздөгү жылдын 25-октябрынан 3-ноябрына чейин Япониянын Токио, Осака, Фукуока жана Нагоя шаарларында семинарларды уюштура тургандыгын кошумчалады. Кыргыз Республикасынын IT индустриясынын эксперттери менен Япониянын IT бизнесинин өкүлдөрү ортосунда бир катар жолугушуулар жана семинарлар Токио, Осака, Фукуока жана Нагоя шаарларында өткөрүлмөкчү.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Япониядан келген адистерди тартуу менен «Бир айыл – бир продукт» долбоорун өлкөнүн аймактарында натыйжалуу ишке ашыруу жана кыргыз продукциясын экспорттоо көлөмүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле Япониянын IT-компаниялары менен кызматташууну өнүктүрүүгө жана республикада алардын өкүлчүлүктөрүн ачууга кызыкдарлыгын билдирди.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоого жана тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост