Япониянын өкмөтү Кыргызстанга “Ирригациялык каналдарды карап күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында 1 млрд 87 млн йен (болжол менен 7,4 млн доллар) бөлөт, деп билдириди Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан. Маалыматка ылайык, ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда 2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады. Төраганын куттуктоосу: “Кадырлуу мекендештер! Кымбаттуу мусулман бир туугандар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуу 30 күндүк Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм! Он эки айда бир келчү Орозо айы жалпы адамзатты сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, берешендикке жана кең […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Төраганын куттуктоосу: “Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Баарыбыз билгендей, кыргыз коомунда аялдын ролу өзгөчө. Эгемен мамлекетибиздин пайдубалын эркектер менен эриш-аркак аялдарыбыз да түптөшкөнүн сыймыктануу менен айта алабыз. […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушту. Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда парламенттер аралык байланыштын учурдагы абалы талкууланып, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Лорд Ахмад Тарики менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, айрыкча соода байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев эгемендүүлүк алган жылдардан бери Жогорку Кеңештин […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Парламентинин Общиналар
Бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Лондон шаарында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Парламентинин Общиналар палатасынын Тѳрагасы Линдси Харви Хойл менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстандын тышкы саясатында Улуу Британия менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоо артыкчылыкка […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарынын алкагында Кембридж университетине барды, деп билдирет парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү. 1209-жылы түптөлгөн окуу жайдын эски кампустарында болуп, байыркы университеттин ишмердүүлүгү менен таанышты. Белгилүү болгондой, азыркы тапта аталган окуу жайда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген 18 миңден ашуун студент окуса, аларга 9 миңдей окутуучулар […]Читать далее
5-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британиядагы расмий иш сапары башталды. Бул тарыхый сапар Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери алгач ирет уюштурулууда, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы. Алгач төрага Улуу Британиядагы кыргызстандыктар эмгектенген G’s Fresh айыл чарба фермасына барды. Мекендештер менен өткөрүлгөн жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары жигердүү […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоору тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору КР Конституциясы менен белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британия мамлекетине расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт. Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек […]Читать далее