Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарга барып, шайлоочулар менен иш алып барат. Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү токтомдун долбоору бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, 2024-жылдын 18-мартынан тартып 20-мартын кошуп алгандагы мезгил жана 25-мартынан тартып 29-мартын кошуп алгандагы мезгил Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өзү жазган арыздын негизинде депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Анын мандатын тапшыруу боюнча арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдогон. Белгилей кетсек, АйбекОсмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.Читать далее
Нурланбек Шакиев Түркиянын Инөнү университетинин ректору Ахмет Кызылай баштаган делегацияны
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинин ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган делегацияны кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда адам органдарын трансплантациялоо боюнча медициналык тейлөөнү өнүктүрүү, саламаттык сактоо мекемелерине заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү маселелери талкууланды. Нурланбек Шакиев Кыргызстанда адам органдарын трансплантациялоого багытталган көйгөйлөр өтө көп экенин белгилеп: «Натыйжада илдетке чалдыккан жарандарыбыз […]Читать далее
ЖК депутаттары Токмоктогу дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү жана кайра иштетүүчү заводдун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөлөрү кезектеги көчмө жыйынын Чүй облусунун Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү жана кайра иштетүүчү заводдо өткөрүштү. Ошондой эле көчмө жыйынга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин, Экономика жана коммерция министринин орун басарлары дагы катышты. «Кумтөр Голд Компани» […]Читать далее
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин Чүй облусунун Токмок шаарында болгон көчмө жыйынында «2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, жактырылды. Жыйында баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык […]Читать далее
Япониянын өкмөтү Кыргызстанга “Ирригациялык каналдарды карап күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында 1 млрд 87 млн йен (болжол менен 7,4 млн доллар) бөлөт, деп билдириди Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан. Маалыматка ылайык, ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда 2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады. Төраганын куттуктоосу: “Кадырлуу мекендештер! Кымбаттуу мусулман бир туугандар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуу 30 күндүк Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм! Он эки айда бир келчү Орозо айы жалпы адамзатты сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, берешендикке жана кең […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Төраганын куттуктоосу: “Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Баарыбыз билгендей, кыргыз коомунда аялдын ролу өзгөчө. Эгемен мамлекетибиздин пайдубалын эркектер менен эриш-аркак аялдарыбыз да түптөшкөнүн сыймыктануу менен айта алабыз. […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушту. Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда парламенттер аралык байланыштын учурдагы абалы талкууланып, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Лорд Ахмад Тарики менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, айрыкча соода байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев эгемендүүлүк алган жылдардан бери Жогорку Кеңештин […]Читать далее