ЖК төрагасы Орозо айынын башталышы менен куттуктады

 ЖК төрагасы Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосу:

Кадырлуу мекендештер!

Кымбаттуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуу 30 күндүк Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Он эки айда бир келчү Орозо айы жалпы адамзатты сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, берешендикке жана кең пейилдикке чакырган улуу ай. Ислам дининдеги беш парздын бири саналган орозодо таңдан кечке тамактануудан гана баш тартпастан, сооп иштерди көп жасап, жан дүйнөнү аруулантуу башкы максат. Ошондой эле муктаждарга жардам колун узатып, көмөк көрсөтүү ыйык айдагы негизги парздардын бири болуп эсептелет. Андыктан, достук жана бир туугандык мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзгөн 30 күндүк орозонун мусулман коомчулугу үчүн мааниси жогору.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Кармаган орозоңор кабыл болуп, жаркыраган жазга туш келген куттуу айда айтылган ар бир тилек орундалсын. Дүйнөдө тынчтык болуп, күнөстүү Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүксүн! Ынтымагыбыз артып, ийгилигибиз көбөйө берсин! Жакшы иштерибиз менен жарышып, өлкөбүздү өнүктүрө берели!

Жараткан ар бириңиздерге узак өмүр, бекем ден соолук берсин!”.

Связанный пост