Президенттик администрацияда коммерциялык эмес уюмдардын иштөө тартиби талкууланды

 Президенттик администрацияда коммерциялык эмес уюмдардын иштөө тартиби талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү 50дөн ашык бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

 

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы өлкөдө демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн КЭУлардын жана ӨЭУлардын олуттуу салымын жогору баалайт.

 

Талкуунун негизги темасы – жакында кабыл алынган коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдн киргизилиши жана аларды мындан ары бул уюмдардын практикалык ишмердигинде колдонуу, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктоо болду.

 

Минкаб башчысынын орун басары жолугушуунун катышуучуларын Юстиция министрлиги тарабынан учурда иштелип жаткан жоболор биздин өлкөдө жарандардын жана алардын бирикмелеринин, коммерциялык эмес уюмдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, коомдук турмушка активдүү катышууга багытталат деп ишендирди.

 

«Эң негизгиси бардык укуктар жана эркиндиктер, саясий ишмердүүлүккө ачык катышууга мүмкүнчүлүктөр сакталды. Муну мамлекет башчысы бир нече жолу баса белгилеген. Талап кылынган бир гана нерсе – катталуу жана реестрде болуу. Бул норма дүйнөдө кеңири таралган. Иш-аракеттерге эч кандай куугунтук жана чектөөлөр болбойт. Сиздердин өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү иш-аракеттериңизге кызыкдарбыз”,-деди Эдил Байсалов.

 

Мыйзам боюнча Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баяндама жасады.

 

Жыйындын жүрүшүндө коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү өз сунуштарын айтышты.

Связанный пост