Төрага Шакиев Улуу Британиядагы Кембридж университетине барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарынын алкагында Кембридж университетине барды, деп билдирет парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

1209-жылы түптөлгөн окуу жайдын эски кампустарында болуп, байыркы университеттин ишмердүүлүгү менен таанышты. Белгилүү болгондой, азыркы тапта аталган окуу жайда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген 18 миңден ашуун студент окуса, аларга 9 миңдей окутуучулар жамааты билим берет.

Окуу жайдын жетекчилери жана окутуучулары менен өткөрүлгөн жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалары тууралуу сөз кылды.

“Тарыхый улуу жолду басып өтүп, Исаак Ньютон, Чарлз Дарвин өңдүү бүтүрүүчүлөрү менен таанылган Кембридж университетинде 121 Нобель сыйлыгынын ээси, Улуу Британиянын 14 премьер-министри билим алган. Жалпы адамзатты кызыктырган бул университетке окууну каалаган кыргыз жаштары да арбын. Алсак, университетте окуу мүмкүнчүлүгүн алып, “Кембриджде окуган” деген ардактуу наамга ээ мекендештерибиз да бар. Алардын катарында, вакцинаны муздатпастан сактоо боюнча уникалдуу ыкманы ойлоп тапкан кыргыз кызы Асель Сартбаева Кембридж университетинин аспирантурасында тажрыйбасын арттырса, Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов да бул окуу жайда билимин жогорулаткан. Буйруса, ушундай мекендештерибиз дагы көбөйүп, Кыргызстан менен Кембриджди байланыштырган билим көпүрөсү түзүлөт деген ишеничтемин”, – деди Шакиев.

 

Андан соң төрага Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына байланышкан тегерек столго катышып, бабаларыбыздын баскан жолу тууралуу кеңири баяндама жасады.

Ошондой эле окумуштуулардын кызыккан суроолоруна жооп берип, пикир алмашты.

 

Ал эми Кембридж университетинин профессору, Борбор Азия форумунун директору Сиддхарт (Монту) Саксена өзү жетектеген форумдун ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, кыргыз калкынын тарыхына, маданиятына ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатканын билдирди.

 

“Кыргызстан Борбор Азиядагы Швейцария деп айтылган пикирди угуп жүрөбүз. Бирок мен буга кошулбайм. Тескерисинче Швейцария Европадагы Кыргызстан десек туура болот. Анткени, кооз жаратылышы, уникалдуу табияты менен өзгөчөлөнгөн сиздердин өлкөдөй дүйнөдө жер жок”, – деди профессор Сиддхарт (Монту) Саксена.

 

Тегерек столдо Кыргыз каганатынын тарыхына кызыккан айрым окумуштуулар аталган багытта ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатышканын билдиришти. Ага ылайык, Кыргыз каганатынын тарыхына байланыштуу чыгарылган китепти Төрага Нурланбек Шакиевге белек кылышты.

 

Жыйында айтылгандай, профессор Сиддхарт (Монту) Саксена жетектеген Борбор Азия форуму экологияны сактоо, тоо системасын коргоо, жаратылышты калыбына келтирүү, тоо-кен иштетүү тармактары боюнча изилдөөлөрдү да жүргүзүп келет.

 

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан аталган форум менен ар тараптуу алакаларды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, эки өлкөнүн окумуштуулары арасында тажрыйба алмашуу өнөктүгүн өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

Связанный пост