Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Улуу Британияга барды

 Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Улуу Британияга барды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британия мамлекетине расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт.

Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек столго катышып, Улуу Британияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.

Эскерте кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Эльдар Сулайманов жана Жылдыз Садырбаева бар.

Связанный пост