Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип “Алтын Казына” кафесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБне арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызынын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун айтып, чара көрүүнү суранган. Аталган арыз Аламүдүн РИИБне катталып, тергөөгө […]Читать далее
Шаардагы троллейбустар жууп-тазаланууда “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын троллейбустары күн сайын жууп-тазаланып турат. Күн сайын саат 05:30да нөөмөткө чыгар алдында ишкананын тиешелүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бардык троллейбустардын санитардык абалы текшерилет. Коомдук транспорт санитардык көзөмөлдөн өтпөй туруп линияга чыгарылбайт. Троллейбус башкармалыгында жалпысынан 183 троллейбус бар. Алардын 130-135и жүргүнчүлөрдү ташыйт.Читать далее
Бишкек шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгарууга 35 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Мындай маалымат эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуусунда белгилүү болду. “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча “Социалдык […]Читать далее
Аламүдүндө шамал бир бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткен. Айылда бак-дарактар кулап, электр мамычалары жабыркаган, ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте “Түштүк-2” кичи районун уруксат берилбеген объектилерден бошотууну улантууда. Аянты 16 чарчы метр болгон павильон, химиялык тазалоо жүргүзүүчү павильон алынып, муниципалдык аймактын 14 чарчы метр аянты бошотулду. Жашылча-жемиш сатуучу павильон мыйзамсыз ордун таштап, 20 чарчы метр аянт шаардыктарга кайтарылды. […]Читать далее
КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Талас жана Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын алдын алуу боюнча көчмө семинарларды өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саякат кызматы билдирет. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекетте жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, ага бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча системалуу иштерди […]Читать далее
Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда саат 8:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен, сел жүрүп, Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабында 20 га буудай жана беде айдоо аянтын каптаган. Мындан сырткары, Балыкчы –Ананьево –Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, жол каттамы жабылган эмес. Ошондой […]Читать далее
«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын кызматкери опузалап 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (кызмат адамы тарабынан пара талап кылуу) боюнча КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2022-жылдын 3-августунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык […]Читать далее
Свердлов районунда жыйын. Эмнелер каралды? Свердлов администрациясында башчынын орун басары Руслан Бекназаровдун төрагалыгы астында кезектеги пландуу жыйын болуп өттү. Жыйынга райондук кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана МАБнын башчылары катышты. “Тазалык” жана “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканаларынын учурдагы ишмердүүлүгүн, ошондой эле Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгынын 2022-жылдын 7 ай аралыгындагы отчетун талкуулашты. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Свердлов районунун […]Читать далее
Бүгүн, 8-августта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районуна чакан ГЭС куруу боюнча Испания мамлекетинин “Ekoener” компаниясынын Борбордук Азиядагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктөн билдиргендей, аталган инвесторлор Жалал-Абад облусунун аймагына кубаттуулугу 400 МВт болгон ири жана чакан ГЭСтерди куруу пландалып жатканын билдирди. Бул багыттагы компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, курулуш жүргүзүүгө ыңгайлуу жайлар […]Читать далее