Ноокат районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

 Ноокат районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

Ноокат районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош областынын прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объекттерин жер тилкелери менен мамлекеттик же муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иш аракеттер улантылууда.

Тактап айтканда, Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан мурда  жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат райондук сотунун 2008-жылдагы чечими менен Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылында жайгашкан бала бакчанын имараты менен 0,18 га жер тилкесине мыйзамсыз А.А. аттуу жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген кассациялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган.

Андан соң, прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 19 млн. 524 миң сомду түзгөн аталган 0,18 га жер тилкеси менен бала бакчанын имараты Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылды.

Связанный пост