2022-жылдын 27-августунан тарта Бишкек-Исламабад-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Каттамды жумасына бир жолу – ишемби күндөрү – ата мекендик “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы аткарат. Белгилей кетсек, аталган багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат.Читать далее
Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов социалдык объектилердин курулушунан кабар алды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Курманжан-Датка МАБынын 222-223-кварталындагы спорт залы бар 275 орундуу мектептин курулушу менен таанышты. Учурда имараттын ички иштери бүткөрүлүп, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Ж.Азимов мектептин ички жасалгалоо процессин тездетип, ишти бекитилген графикке ылайык аткарып, жумуштун сапатына өзгөчө […]Читать далее
КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Ош шаарында Имам Сарахсиге арналган илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мамлекеттик катчы бул конференциянын маанисин жана аалым Сарахсийдин ислам укук таануучусу катары чоң ролун белгиледи. Сүйүнбек Касмамбетов даанышмандыгы жана илими менен Борбор Азияга атагы чыккан имамдын өмүр жолуна токтолду. Тактап айтканда, анын Өзгөн зынданында 15 жыл түрмөдө жатып жазган […]Читать далее
«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү максатында Иса Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинен, Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин ишкананын логотиби түшүрүлгөн жаңы таштанды челектерин орнотту. Биринчи этапта 40 урна жасалды. Алар жолдун эки тарабында тротуарларды бойлой 20дан орнотулган. Орнотуу үчүн 4 жумушчу жана бир атайын техника тартылган. Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады, – деп билдирет президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы. Кайрылуунун текстинде мындай деп айтылат: “Коомубуздун алсыз катмарына, айрыкча эрезеге жетелек балдарга карата жасалган, нарк-насилге жатпаган, салт-санаага сыйбаган зордук-зомбулук кылмыштарынын кескин өсүп жатышы кооптондурбай койбойт. Күн сайын балдарды зордуктоо, алакачуу, мажбурлап никеге туруу, […]Читать далее
Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үйдөн чыкпастан акысыз алууга болот. Бул тууралуу “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборунан билдиришти. Эми соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу үчүн ички иштер органдарына арыз берүүгө жана аны алууга эки жолу барып, убара болуунун кажети жок. “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу 7 күндүн ичинде соттолбогондугу тууралуу маалымкатты акысыз алууга болот”, – деп […]Читать далее
Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева “БУУ – аялдар” Түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран менен биргеликте кыздарга (же жашы жете элек балдарга) карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы чара көрүү боюнча жаңы социалдык технологиялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Жолугушуу президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын […]Читать далее
“Тазалык” муниципалдык ишканасы таштанды челектерди жана аянтчаларды жууп тазалоодо. Биринчи май районунда 2 күндө 200гө жакын таштанды челеги жана 30дан ашык таштанды аянтчасы жуулду. Биринчи күнү Ленинградская, Тоголок Молдо, Мидин, Щербаков көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында жууп-тазалоо иштери жүргүзүлдү. Экинчи күнү Месароша, Кайназаров, Профсоюз көчөлөрүндөгү челектер жуулду. Белгилей кетсек, челектерди жана таштанды аянтчаларды кайталап жууп-тазалоо графикке […]Читать далее
Ысык-Көлдө балык уулоочу синтетикалык торлор жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Түп районунун Маяк айылынан Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылына чейинки жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Чоң-Өрүктү айылдарынын аймактарында балык корлоруна зыян алып келип жаткан жалпы узундугу 27 миң 600 метр болгон балык уулоочу синтетикалык торлор […]Читать далее
Бишкекте ижарага берилген сегиз батирден өрт чыгып, жалын эки үйдү каптаган. Бул тууралуу ӨМКдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 25-августка караган түнү саат 03:36 чамасында Бишкектин Абдраев көчөсүндө жайгашкан ижарага берилип келген сегиз бөлмөлүү батирден өрт чыккан. Ал жанаша турган мансард үйгө өтүп, турак жайдын экинчи кабатынын үч бөлмөсү, биринчи кабатынын эки бөлмөсүнүн шыбы […]Читать далее