Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Имам Сарахси” илимий конференциясына катышты

 Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Имам Сарахси” илимий конференциясына катышты

КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Ош шаарында Имам Сарахсиге арналган илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мамлекеттик катчы бул конференциянын маанисин жана аалым Сарахсийдин ислам укук таануучусу катары чоң ролун белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов даанышмандыгы жана илими менен Борбор Азияга атагы чыккан имамдын өмүр жолуна токтолду. Тактап айтканда, анын Өзгөн зынданында 15 жыл түрмөдө жатып жазган зор илимий эмгеги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Имам Сарахсинин интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү жана эс тутуму жогору болгон. Зынданда эч кандай адабият, калем, кагаз колдонбой, окуучуларына өзүнүн атактуу “Аль Мабсут” китебин айтып, жаздырган. Имам Сарахси илим менен билимди баарынан жогору койгон. Өмүрүнүн эң оор учурларында да дин кызматын таштабай, бир катар чыгаан илимпоздорду тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы үч жылын эркиндикте өткөрүп, китептерин аягына иштеп чыгарган.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, Имам Сарахсинин адамдык баалуулуктары, дүйнө таанымы жана чындык менен адилеттүүлүккө берилгендиги, калпты жана эки жүздүүлүктү жек көрүүсү бардык илимпоздор жана мусулмандар үчүн чоң үлгү.

Сүйүнбек Касмамбетов Имам Сарахсинин ислам укугундагы мааниси жана жалпысынан азыркы мезгилде ислам укук илиминин өнүгүшү боюнча баяндамалар угулган бул конференциянын маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан соң Мамлекеттик катчы улуттук маданиятты даңазалоо, улуттук тарыхый-маданий мурастарды калк арасында жана дүйнө коомчулугуна жайылтуу максатында экинчи жолу өтүп жаткан «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклор фестивалына катышты

Связанный пост