Оштун вице-мэри социалдык объектилердин курулушунан кабар алды

 Оштун вице-мэри социалдык объектилердин курулушунан кабар алды

 Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов социалдык объектилердин курулушунан кабар алды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Курманжан-Датка МАБынын 222-223-кварталындагы спорт залы бар 275 орундуу мектептин курулушу менен таанышты. Учурда имараттын ички иштери бүткөрүлүп, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Ж.Азимов мектептин ички жасалгалоо процессин тездетип, ишти бекитилген графикке ылайык аткарып, жумуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Ошондой эле Курманжан-Датка жана Керме-Тоо МАБындагы курулушу бүткөрүлгөн балдар аянтчаларын көрдү.

Связанный пост