Ысык-Көлдө балык уулоочу синтетикалык торлор жок кылынды

 Ысык-Көлдө балык уулоочу синтетикалык торлор жок кылынды

Ысык-Көлдө балык уулоочу синтетикалык торлор жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түп районунун Маяк айылынан Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылына чейинки жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Чоң-Өрүктү айылдарынын аймактарында балык корлоруна зыян алып келип жаткан жалпы узундугу 27 миң 600 метр болгон балык уулоочу синтетикалык торлор чыгарылып, жок кылынды.

Иш-чара аталган министрликтин мамлекеттик инспекторлору тарабынан көлдүн акваториясында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу жана аныктоо максатында жүргүзүлдү.

Связанный пост