Жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жаңы соцтехнологиялар талкууланды

 Жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жаңы соцтехнологиялар талкууланды

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева “БУУ – аялдар” Түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран менен биргеликте кыздарга (же жашы жете элек балдарга) карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы чара көрүү боюнча жаңы социалдык технологиялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушуу президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрлеринин, министрликтердин жана Бишкек, Ош шаарларынан, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан келген кризистик борборлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Катышуучулар жеке жана кесиптик натыйжалуулукту жакшыртууга зарыл болгон креативдүү талкуу, эмпатикалык мамилени колдонуу ыкмалары менен таанышты.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын жана иш-аракеттер планынын долбоорлору менен бирге кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жол картасын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Связанный пост