Жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айып пул салынды. Ошондой эле, шаардыктардын билдирүүсү менен Ж.Огонбаев көчөсүнүн №72 дарегинде жалбырактарды өрттөө фактысы аныкталган. Шаар тургуну З. Ошурбакиева 7 миң 500 сом төлөп берүүгө милдеттүү. Кургак чөптөрдү өрттөгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адам организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындай мыйзам бузгандарга КРнын “Бузуу жөнүндө” кодексинин 115-беренесине ылайык 7500 сомдон […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсына барды. Мамлекет башчысына заводдун май чыгаруу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, ишкананын үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыгы жөнүндө айтылды. Май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү башталган. Үстүбүздөгү жылдын мартында завод […]Читать далее
Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү өтмөк жарыктандырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жарыктандыруу үчүн 1600 метр узундуктагы кабелдик каналдар, 800 метр неон лента жана ушундай эле өлчөмдөгү ВВГ зым колдонулган. Ошондой эле 68 дубал чырагы, 50 сигналдык чырак жана 14 прожектор орнотулган. Белгилей кетсек, жарыктандыруу иштери «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.Читать далее
Сокулук районунда чет элдик жаран учакта акча уурдап кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБке арыз менен Россия мамлекетинин жараны П.И. кайрылган. Ал арызында 2022-жылдын 6-7 сентябрь күндөрү Бишкек-Стамбул рейси менен келе жаткан учактын бортунда, белгисиз адамдар 6700 АКШ доллар акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген. Аталган окуя боюнча Сокулук […]Читать далее
Бүгүн, 12-сентябрда Кочкор райондук прокуратурасынын ыкчам кызматкерлери үчүн кызматтык үйдүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына кабарлашты. Маалыматка ылайык, ачылыш аземге башкы прокурор Курманкул Зулушев, Нарын облустук жана Кочкор райондук прокуратурасынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чарада башкы Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын кызматкерлери […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААК 90 жылдыгы жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы жана өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады. Садыр […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кече, 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы өлкөдө бюджеттик чөйрөдө иштегендердин эмгек акылары көтөрүлгөнүн эске салып, ошондой эле пенсия өлчөмүн жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи. «Ар бир адамдын телегейи тегиз, санаасы тынч болушу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Ош шаарынын тургундарынын суроолорунун басымдуу бөлүгү активдүү иш жүргүзүп, буга чейин ондогон жарандарды алдап кеткен коммерциялык эмес турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнө тиешелүү болду. Көптөгөн кайрылуулар шаар четиндеги (дача) кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылык схемаларынын кесепеттерине […]Читать далее
Октябрь районунун Көк-Жар конушунда воркаут аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Кыргызстандын Work Out ассоциациясынын спортчулары мастер-класс көрсөтүшүп, иш-чаранын соңунда балдарга балмуздак таратылды. Октябрь районунун акими Азамат Дороев шаар тургундарын куттуктап, демөөрчүлүк көрсөткөн «Ихлас» курулуш компаниясына ыраазычылыгын билдирди.Читать далее
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйынга тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда. Жыйында, жарандар чечилбей келе жаткан укуктук маселелерин чечилүүсүн сурашып, социалдык, экономикалык көйгөйлөр, коомчулуктагы мыйзамсыз иш-аракеттер, укук коргоо органдарына байланыштуу мүчүлүштүктөр тууралуу суроолорду салышты. Жарандардын арыз-кайрылуулары Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын […]Читать далее