16-18-февраль аралыгында жааган калың кардан улам Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-112-чакырымдарына кар көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Ак-Суу районунун акиминин тескемесинин негизинде Каракол – Эңилчек автоунаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды. “Учурда катуу бороон болуп, көрүү аралыгы начар болгондугуна байланыштуу кар көчкүлөрдү тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Кошумча маалымат берилет”, – деп […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепеттери кыска мөөнөттө калыбына келтирилет. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ЖЭБдеги жарылуу болжолдуу түрдө котельный цехте болгон. Учурда авариянын келип чыгуусун кырсыктан кийин түзүлгөн ыкчам штаб иликтеп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен жарылуунун себептери аныкталат. Бул боюнча кошумча маалымат берилет. […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан чыккан өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылып, таңкы саат 5те өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Шабдан Баатыр №108 дарегинде жайгашкан ЖЭБдин аймагында жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшүп, жерине саат 03:06дан тарта жалпы 6 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылган. “Өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын […]Читать далее
Бүгүн, 2-февралда саат 04:30да Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан жабыркаган 5 адам тез жардам линиясы менен Шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, азыркы учурда эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бирөө күйүк бөлүмүндө, абалы оор. Эки жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Белгиленгендей, жабыркагандар ооруканага […]Читать далее
Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) түндө авария болгон. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагынан” кабарлашты. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Жеринде тиешелүү жетекчилер жана кызматкерлер иш алып барууда.Читать далее
Бишкек шаардык ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, авария 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында катталган. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө. “Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, […]Читать далее
Бүгүн саат 10:51де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана Кара-Суу районунун Тээке, Лаглан айылдарында 3 баллга (Тээке айылынан 8 чакырым түштүк чыгышта, Лаглан айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Мурдаш айылынан 20 чакырым түндүк […]Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө уланууда. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, күн мурун күндүзгү саат 10:59да жана 14:14тө күчү 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Бүгүн түнкү саат 02:01де 6 баллга жакын, саат 04:38де күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү болду. Андан тышкары, бүгүн эле таңкы саат 06:17де жана 07:55те очогунда күчү 4 баллга жеткен […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-январда бир нече жолу жер титиреди. Түнкү саат 1:11де Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 2.5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Анын толкуну Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2.5 баллга, Кажы-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Ал эми кайрадан саат 2:38де Кытайда очогунда күчү 6.5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөөдөн жабыркаган имараттарды тактоодо. Белгилей кетсек, 23-январда Кытайдагы жер титирөөнүн толкуну Кыргызстанга да жеткен. Алсак, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп райондорунда, Балыкчы шаарында жана […]Читать далее