Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан чыккан өрт таңкы саат 5те өчүрүлгөн – ӨКМ

 Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан чыккан өрт таңкы саат 5те өчүрүлгөн – ӨКМ

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан чыккан өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылып, таңкы саат 5те өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шабдан Баатыр №108 дарегинде жайгашкан ЖЭБдин аймагында жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшүп, жерине саат 03:06дан тарта жалпы 6 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылган.

“Өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен ЖЭБдин 5 кызматкери жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткизилген”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн ыкчам топ түзүлүп иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост