Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү

 Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү

Бишкек шаардык ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, авария 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында катталган.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

“Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

Энергетика министрлиги шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Связанный пост