Ош шаардык ички иштер башкармалыгында 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында иш-чаралар өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, укук коргоо органдарынын жана күч органдарынын жетекчилери катышты. А.Мамбетов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон […]Читать далее
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында зымдарды тартуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер 12-сентябрдан тарта Баткен облусунда жүрүүдө. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВнын узундугу 456 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө төмөндөгү курулуш иштери жүргүзүлдү: 1211 (97,4%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1211 (97,4%) тирөөчтүн чуңкурлары […]Читать далее
Бүгүн, 1-ноябрда Ички иштер министрлигинин жыйындар залында Милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү КР Гимнин аткаруу менен башталды. Жыйындын башында министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, милициянын ардагерлери жана чакырылган коноктор ИИМдин басма сөз кызматы тарабынан даярдалган “Мыйзамга кызмат кылуу – Элге кызмат кылуу” темасындагы видеотасманы көрүштү. Ички иштер министри Улан Ниязбеков […]Читать далее
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 98 жылдык мааракеси менен куттуктады. Төмөндө министрдин куттуктоосунун толук текстин келтиребиз: “Ардактуу ардагерлер! Урматтуу кыргыз милициясынын жана ички аскерлердин күжүрмөн эр-азаматтары! Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Чынчылдык, берилгендик жана кайраттуулук деген асыл сапаттар […]Читать далее
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасында Автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун атынан, ошондой эле Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкерлери Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Белгилей кетсек, 25 жылдык стажы бар кызматкерлер үзүрлүү жана ак ниет эмгеги үчүн ведомстволук […]Читать далее
Биринчи май акимиатынын жамааты “Ак-Босого” конушунунда ишембилик өткөрдү. Иш чарада БУУнун миграция боюнча Эл аралык уюму шаарга жалбырактуу дарактардын 70 көчөтүн берди. Алар 40 кайың жана 30 клен. Күзгү отургузууну өткөрүүгө “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары жардам беришти.Читать далее
Жаратылыш ресурстары министрлигинин мамлекеттик инспекторлору “Илбирс” коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймагында рейдтик иш чара жүргүзгөн. Текшерүүдө Субару Форестер үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, ичинен мыйзамсыз олжолонгон 3 баш чил жана куралдар табылган. Аталган факт боюнча ордунан протокол толтурулуп, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 261-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык 10 000 сом айып пул салынып, 6 […]Читать далее
1-ноябрь-Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында уюштурулган динамиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Үч күнгө созулган мелдешке ИИМден жана аймактардан келген жалпы ондон ашык команда, спорттун ордо, дарте, тогуз коргоол, жеңил атлетика, шахмат, кол күрөш жана стол тенниси боюнча күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жалпы командалык жеңиште биринчи орунду ИИМдин Академиясы ээлеп, командага […]Читать далее
“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий көчөсүндө жайгашкан жаңы мектептин аймагында тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин баштады. 96 светодиоддук чырактарды жана ошончо эле сандагы бетон негиздерин орнотуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, бетон негиздери, темир таянычтары ишкананын өздүк цехинде чыгарылат. Ошондой эле жер астына 1800 метрге жакын өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) төшөлдү. Сырткы жарыктандыруу […]Читать далее
Кыргызстанда 26-октябрда 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы белгиленди. Октябрь районунун аймагындагы Д.Асанов атындагы паркта, Баткен жоокерлеринин эстелигине гүл коюу аземи болуп, митинг-реквием өткөрүлдү. Митингдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу жана үч жолу мылтык атуу менен эскеришти. Жыл сайын Октябрь району Баткен окуясынын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүп келет. Быйылкы жылы райондук бюджеттен […]Читать далее